• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Турциядан түркмөн оппозиционерлерин кармай башташты

CentralAsia.media маалымдагандай, Турцияда жашаган Түркмөн оппозиционерлерин өлкөдөн чыгып кетүү сунушталды же болбосо алар Турциянын аймагынан мекенине кайра кайтарылышат. 27-сентябрда Стамбулда жашаган түркмөн оппозиционери Дурсолтан Таганова кармалып, учурда ал депортациялык изоляторунда олтургандыгы айтылды.

Ал эми 24-сентябрда дагы бир түркмөн оппохиционери Байрам Аллалыев укук коргоочуларга полициянын документин өз көзү менен көрүп, анда 25 оппозиция өкүлдөрүнүн фамилиялары жазылгандыгын маалымдаган.Бул тууралуу “Мемориал” кабарлайт.

Анын айтымында ушул жумадан тартып полиция түркмөн бийлигине каршы чыккандарды кармай баштайт. Анын өз булактарынын маалыматы боюнча, паспортторунун мөөнөтү өтө элек түркмөн жарандарына үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү сунушталат. Ал эми паспортторунун мөөнөтү өткөн саясатчыларды кайра мекенине кайтаруу коркунучу турат, – деген ал.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: