• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

“Талибан” өкмөттүн инаугурациясына алты мамлекеттин гана делегациясын чакырды

Афганистандагы “Талибан” кыймылы жакында жаңы өкмөт курамын түзүп, аны жарыялаган. Ага ылайык өкмөттүн басымдуу бөлүгү аталган кыймылдын мүчөлөрүнөн түзүлгөн.

Кийинчерээк, талибдер америкалык аскерлер таштап кеткен аскерий техникалардын фонунда аскердик парад уюштурганга дагы үлгүргөн.

Эми чет элдик басылмалардын билдиргендигине караганда, “Талибан” кыймылы жаңы түзүлгөн өкмөттүн салтанатуу кызматка киришүү аземин 11-сентябрда өткөрүп, ага 6 өлкөнүн делегациясын гана чакыргандыгын жазып чыгышты. Ал Роосия, Кытай, Турция, Иран, Катар жана Пакистан өлкөлөрүнүн сыйлуу коноктору болмокчу.

Бирок, айрым маалыматтарга караганда Афганистандын өкмөт башчысынын орун басары  Абдул Гани Барадар учурда Катарга учуп кеткендиги айтылып, ал жактан жаңы чиновник инаугурацияга дагы бир катар өлкөнүн делегациясын чакырууга учуп кеткендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын бир катар шаарларында ири террордук акт болуп, ага АКШ бийлиги “Талибанды” айыптап, ошондон кийин НАТО аскерлери Афганистанга киргизилген.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: