• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Россияга кете албаган тажиктер митингге чыгышты

Колунда билеттери бар экенине карабай Россияга учалбай жаткан тажик жарандары Душанбе эл аралык аэропортунун алдына митингге чыгышты.

Нааразычылыкка чыккандар Россияга кете албай жатышканына нааразылыктарын билдиришкен. Алар бийликтен бул маселени тез арада чечишин талап кылышууда.  

Акциянын катышуучуларына Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси И. Субхонзода чыгып, мындай абалдын жаралганына Россиянын «Северный ветер» авиакомпаниясын күнөөлөгөн. Анын айтымында, компания 25-майда гана чартердик каттамдардын билеттерин 500 доллардан ашырбоого макул болгон. Буга чейин, 11-майда Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги авиабилеттери кымбат деген негизде «Северный ветер» жана «Сибирь» авиакомпанияларынын каттамдарын убактылуу токтоткон болчу.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: