• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Россияда митингчилер Жириновскийди көчүккө тээп сабап салышты (ВИДЕО)

Россиянын белгилүү саясатчысы, Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновский үгүт иштери менен жүргөндө митингчилер тарабынан сабалып кала жаздады. Алгач ал үгүт акциясына чыккандар менен сүйлөшүп олтуруп, ортодо келишпестиктер чыгып кеткен.

Андан кийин акцияга чыккандар аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, айрымдары аны көчүккө тээп дагы жиберишкен. Аны Жириновский жоопсуз калтырбай ал дагы айрымдарын тээп калууга үлгүргөн.

Белгилүү болгондой, бул видео мындан туура үч жыл мурун, 2018-жылдын 9-сентябрында тартылган. Анда Россияда аймактык шайлоо өнөктүгү болгон.

Белгилей кетсек, ушул айдын соңунда Россиянын Мамлекеттик думасына шайлоо болот. Ага карата партия лидерлери учурда үгүт иштерин жүргузүшүудө. Жириновский болсо 1989-жылдан бери ЛДПР партиясын жетектейт.  

Понравилась статья? Поделись с друзьями: