• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Музыкага тыюу салынган Афганистанда талибдер белгилүү музыкантты өлтүрүштү

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Афганистанда таанымал ырчы жана музыкант Вафада Андарабини өлтүргөнү тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматы боюнча жоочулар Баглан провинциясында ырчынын үйүнө 28-августта кирип келишкен. Талибдер Андарабини үйүнөн алып чыгып атып салышкан. Ырчы ошол жерде жан берген.

Белгилей кетсек, мындан эки жума мурун Кабулга ийгиликтүү жортул жасаган “Талибан” кыймылы мындан ары Афганистанда музыка угууга тыюу салына тургандыгын жар салышкан. Алардын бул чектөөсү дүйнө коомчулугу тарабынан кескин сынга алынган.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: