• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Джо Байден Кабулдагы жардыруудан кийин чабуулга даярдык көрүүдө

Кабул аэропортундагы жардыруудан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыкты.

Эске салсак, түндө Кабулдагы аэропортко жакын жерде эки жолу жардыруу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 40 киши каза тапканы, жабыркагандардын арасында аялдар менен балдар дагы бар экендиги айтылган болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 100дөн ашып, 90у жергиликтүү тургундар, 13ү америкалык аскерлер экени белгилүү болду.

Маалыматка караганда, бул чабуулдар боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна “Ислам мамлекети” террордук уюму алды. Ал эми АКШ буга “Вилаят Хорасан” уюмунун тиешеси бар деп эсептеп, президент Джо Байден алардын позициясы боюнча чабуул даярдоону буюрду.


Понравилась статья? Поделись с друзьями: