• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Афганистандын экс-вице-премьери Тажикстанга качып кирди

Афганистандын Панжшер аймагында талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан Афганистандын мурунку вице-президенти Амрулла Салех Тажикстанга качкандыгын Sputnik Тажикстан маалымдады.

Аталган ЖМКнын маалыматында, Салехтин Тажикстанга качканын Al Arabiya менен Afghanistan International дагы билдиришкен.

Эске салсак, талибдер бийликти алгандан кийин өлкөдөн Афганистандын президенти Ашраф Гани БАЭге качып кеткен. Мындан улам вице-президент Амрулла Салех Конституцияга таянуу менен өзүн-өзү президент катары жарыялап, Панжшерде согушкерлерге каршы күрөшөрүн айткан.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: