• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Афганистанда полицияда иштеген кош бойлуу аял бычакталып өлтүрүлдү

Афганистандын Гор аймагында “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү кош бойлуу аял – полиция кызматкерин балдарынын көзүнчө өлтүрүштү. Бул тууралуу CNN телеканалынын сайтында маалымдалды.

Алардын маалыматына караганда, турмөдө иштеген Негар Масуми аял – полиция кызматкери сегиз айлык боюнда болгон. Анын уулу Мухаммад Ханиф журналисттерге айтып бергендиги боюнча, талибдер алардын үйүнө кирип келип, апасын жана балдарын сыртка чыгарып, балдарынын көзүнчө апасын бычактап салышкан.

Бирок, ошол эле CNNге “Талибан” кыймылынын моджахеддеринин бул кылмышка эч кандай тиешеси жок экендигин аталган кыймылдын расмий өкүлү Билал Карими билдирген.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: