• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Өмүрүнүн көп бөлүгүн түрмөдө өткөргөн Флойдду эскерүү башаламандыкка алып келди (ВИДЕО)

АКШнын Портленд полициянын колунан каза болгон афроамерикалык Жорж Флойддун жылдыгы болду. Аны эскерүүгө чыккан америкалыктар массалык башаламандык уюштуруп, полиция менен кагылышып, шаар ичиндеги иамарттарды талап-тоноп кетишти. Бул тууралуу американын ЖМКлары маалымдашты.

Ага караганда, 25-май, шекйшемби күнү шаардык соттун имаратынын алдына 200дөй киши чогулган. Алар полицияга карата таш уруп, бөтөлкө ыргытып, имаратты өрттөөгө аракет жасашкандыгы айтылат.

Анын натыйжасында сот имаратынын терезелери талкаланып, дубал жана темир тосмолор жабыркаган. Акциянын катышуучулары полициянын таркап кетүү боюнча берген эскертүүсүнө кыжырланып, тартип кызматкерлеринин талабын аткарышкан эмес. Кийинчерээк алар дүкөндөрдү тоноп, жергиликтүү тургундардын унааларын өрттөгөнгө өтүшкөн. 

Эске салсак, Жорж Флойд 2020-жылдын 25-майында полиция кармап күч колдонгондон кийин Миннеаполистеги ооруканада көз жумган. Анын өлүмү дүйнө жүзүндө нааразычылыктын, башаламандыктын чыгышына себеп болуп, АКШ, Европада чоң нааразычылыктарды жараткан. Мурда Жорж Флойд бир нече жолу соттолуп, өмүрүнүн көп бөлүгүн түрмөдө өткөргөндүгү белгилүү болгон.


Понравилась статья? Поделись с друзьями: