• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Тажикстанда абал тынч эмес. Кыргыз-тажик чек арасы жабылгандан кийин тажик эли кыйнала баштады

Тажикстанда социалдык-экономикалык кырдаал өтө курч экендиги айтылууда.

Буга чейин тажик жарандары Россияга уча албай Душанбенин эл аралык аэропортунун алдына митинг уюштуруп, бийликке болгон нааразычылыгын айтып чыгышкан. Анда тажик жарандары Россияга авиабилеттердин кымбаттыгына нааразы болуп ошол эле учурда колунда билети барлар дагы уча албай жаткандыктарын билдиришкен.

Эми тажик бийлиги үчүн дагы бир оор сыноо башына түштү. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын министрлер кабинети 21-майда тажик жарандары үчүн айрым чектөөлөрдү киргизген. Ошондон бери Тажикстанда бышкан мөмө-жемиш, жашылчалар кыргыз-тажик чек арасынан өтө албай, пияз, сабиз, кулпунай ж.б башка жашылча жана жемиштердин баасы төмөндөп, дыйкандары чыгашага учуруп жаткандыгы кабарланды.   

Понравилась статья? Поделись с друзьями: