• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

“Талибан” тажик бийлигин коркутууга алды. Эки өлкөнүн чек арасы чыңалууда

“Талибан” кыймылы алгачкы жолу Тажикстандын дарегине курч пикирин билдирди. Буга чейин тажик бийлиги Панджшер аймагындагы абалды кескин сынга алган. Ошондой эле, коңшу Афганистанда бийликти күч менен басып алган эч бир күчтү тааныбайбыз, – деп билдирген тажик бийлиги. Панджшерде “Талибан” кыймылы аларга каршы акыркы топ менен күрөш жүргүзүүдө. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы чек арада абал чңалып турат.

“Газета.uz” маалымдагандай, “Талибан” кыймылы алгачкы жолу тажик бийлигине эскертүү берип, коркутууга алган. Учурда Афганистанда август айынын соңунда орного талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааный элек, бирок, аны менен баары бир эсептешүүгө туура келет, – дейт “Газета.uz” басылмасы.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 25-августта Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреш менен болгон жолугушууда тажик бийлиги Афганистанда күч менен алынган бийликти тааныбай тургандыгын айтып, бийликке тажик тектүү адамдар дагы келиши керектигин кыйыткан. Анда, ал Афганистандын калкынын 46% этникалык тажиктер деп билдирген.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: