• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Швецияда Мухаммед пайгамбарга карикатура тарткан Ларс Вилкс авариядан каза болду

Шведцияда Мухаммед пайгамбарга карикатура тарткан Ларс Вилкс жана анын күзөтчүлөрү жол кырсыгынан каза болду.

Окуя Швециянын түштүгүндөгү Крунуберг аймагында болгон. Анда Вилкстин жеңил унаасы оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

Ларс Вилкс 2007-жылы Мухаммед пайгамбарга карикатура тартып, аны Nerikes Allehanda газетасы басып чыккан. Ал карикатура жарыялангандан кийин көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө нааразычылык акциялары өткөн. Ошондон бери Вилкс полициянын коштоосунда жүрүп, алар авторду кайтарып жүрүп калган.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: