• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Россияда жасалма арактан 10 адам каза болду

Оренбургда бир нече шаар, кыштагында жасалма алкоголго ууланып он киши өлдү. Бул тууралуу аталган аймактын губернаторунун маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, дагы бир адам ооруканада оор абалда жатат. Губернатор Денис Паслер жергиликтүү укук коргоо органдарына жасалма алкоголдун сатылышына тыюу салууга, тургундарды мындай ичимдиктерди ичпөөгө чакырды.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Россияда жасалма аракка ууланган окуялар көп катталат. 2016-жылы Иркутск шаарында “Боярышник” деп аталган лосьонду ичип алган 76 киши каза болгон.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: