• жекшемби, 23 үчтүн айы 2022
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Октябрь ИИБнын кызматкери издөөгө алынды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, УКМКга “О.А.” аттуу жаран Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р. кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 миң доллар акчасын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы боюнча арыз жазган.

Анын натыйжасында “С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ал эми УКМК бул адамдан жабыркаган жарандар болсо нөөмөт кызматынын номуруна кайрылууларын өтүнөт.
(0312) 66-04-75, 0702233243  
Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

Понравилась статья? Поделись с друзьями: