• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Карагандада аял киши бийиктиктен секирем деп каза болду (ВИДЕО)

Казакстандын Караганда шаарында “тарзанкадан” секирген 33 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 25 метр бийиктиктен секирген аял жердеги бетон конструкциясына катуу урунган. Ал ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Тилекке каршы, оор жаракатынан улам өзүнө келе албай көз жумду. Ал эми полиция кызматкерлери бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлашты.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: