• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Индияда “Боинг” учагы көпүрөнүн алдына тыгылып калды (ВИДЕО)

Индияда учак жөө жүргүнчүлө өтүүчү өтмөктүн алдына тыгылып калды. Окуя Нью-Дели шаарындагы эл аралык аэропорттон алыс эмес жерде орун алган.

Бул видео социалдык тармактарда тез ылдамдыкта тарап, вирустук болду. Жарыяланган видеодон көрүнүп тургандай, учактын жарымы өтмөктөн өтүп, жарымы тыгылып, чыкпай калган.

Ал учурда шосседеги башка транспорттук каражаттар жолдун жарым тилкеси менен эле өтүүгө мажбур болушкан.

Белгилүү болгондой, колдонуудан чыккан бул учак сатыкка коюлуп, анын жаңы ээси учакты ушундай жол менен өзүнүн аймагына жеткирүүнү туура көргөн. Бирок, ал учактын көлөмүн туура эмес эсептеп алып, анын айынан учак жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнө тыгылып, шоссенин кыймылын бууп салган.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: