• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Грузияда Михаил Саакашвилини колдоп 50 миң адам көчөгө чыкты

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде өлкөнун мурдагы президенти Михаил Саакашвилини колдоо митингине 50 миңдей адам келген.

Колдоого келген жарандар Саакашвилини бошотууну талап кылышууда.  Бул Грузияда 2012 -жылдан берки эң ири нааразылык акциясы экенин “Дүйнөдөгү нааразычылыктар” Telegram каналы жазды.  Акцияны Михаил Саакашвилиге таандык жана ал негиздеген оппозициялык “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы уюштурду.

Белгилей кетсек, 1-октябрда Саакашвили сегиз жылдан кийин алгачкы жолу Грузияга кайтып келген. Келгенден кийин ал арадан 3 күн өткөндөн кийин кармалып, Рустави шаарындагы абакка жайгаштырылган. Буга чейин Украинада болуп, ал өлкөдө бир нече чоң кызматтарда болгон. Ал эми Украина президенти Володимир Зеленский Михаил Саакашвилиге Украинанын “эшиги” дайым ачык экендигин билдирүү кылган.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: