• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Футбол: “Ювентустун” машыктыруучусу чабуулчусун көчүккө тепти (ВИДЕО)

Италиянын “Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри командасынын чабуулчусу Федерико Бернардескини Көчүккө тепти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып¸ видеосун жарыялашкан.

Маалыматка караганда, окуя туриндиктер менен “Торино” командаларынын беттеши учурунда болгон. Туриндик оюнчу каптал сызыгынан оюн талаасына кирип бара жатканда Аллегри аны жамбашка тепкен. Ал эми кадрдан көрүнүп тургандай, соккунун катуу тийгени футболчунун жүзүнөн байкалган.

Окуя эмне себептен болгону маалыматта айтылган эмес. Белгилей кетсек, “Ювентус” “Торинону” 1:0 эсебинде утуп алды. Беттештеги жалгыз голду 86-мүнөттө Мануэль Локателли киргизди.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: