• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Европа газ кымбаттагандан улам көмүргө өтүүнү пландап жатат

Европа Биримдигинин аймагында газ кымбаттап, калктын көпчүлүгү көмүргө өтө баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Ошол эле маалда, Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү таза, экологиялык жашыл энергияны колдонууга өтүү стратегиясын даярдап жатат. Европада көмүр энергиянын кымбат булагы болуп саналганына карабай газга салыштырмалуу арзан.

Польша менен Чехиянын ортосунда чек арага “Туров” көмүр шахтасына байланыштуу талаш-тартыш кызыды. Люксембургдагы Европа Биримдигинин соту ушундан улам Варшаваны Брюсселге күн сайын жарым миллион евродон кенемте төлөп бериши керек,- деген бүтүм чыгарган. Расмий Прага Польшадагы шахта Чехиянын түндүгүндө жашаган калктын саламаттыгына терс таасир этип, абаны булгап жатканын белгилеп келет.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: