• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

АКШда бортунда жүргүнчүлөрү бар учак өрттөнүп кетти (ВИДЕО)

АКШнын Техас штатында жарандык учак кыйрады. Ал кырсыктын кесепетинен бир адам жабыркаган.

Маалыматка караганда, McDonnell Douglas DC-9-87 борту абага көтөрүлгөндө учуп конуу тилкесинин соңунда керектүү бийиктикти ала албай калган. Анын жыйынтыгында учак тилкеден чыгып кетип, жакынкы аймактарга барып, өрттөнүп кеткен.

Учак жергиликтүү ишкерге катталган. Кырсык учурунда ал учактын салонунда болгон. Маалым болгондой, McDonnell Douglas DC-9-87 учагы 172 орундуу жана окуя болгон маалда анын ичинде 21 адам болгон. Алардын бирөөсү кырсыктын кесепетинен жабыркагандыгы айтылат.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: