• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Афган согушкерлери эми телефонуна селфи кыла алышпайт

Афганистанда август айынын ортосунан тартып орногон жаңы “Талибандын” бийлиги (Кыргызстанда террордук деп табылган уюм) согушкерлерине телефонго селфи кылып, сүрөттү социалдык тармактарга жайгаштырууга тыюу салынды.

Бул боюнча аталган өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Якубдун тиешелүү буйругу да чыкты.

Анын себеби, айрым аталган кыймылдын согушкерлери сейил бактарды аралап, оюн-зоок аттракциондоруна түшүп, анын видео жана сүрөттөрү социалдык тармактарга чыгарып жаткандыгы себеп болгон.

Министр муну аскерлердин жана кыймылдын жетекчилеринин коопсуздугу менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, буга чейин “Талибан” кыймылы өлкөдөгү ырчылардын ишмердүүлүгүнө дагы тыюу салып, дагы бир топ жаңы өөн эрежелер ишке кирген.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: