• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

43 жаштагы аял кош бойлуу экенин билбей, күтүүсүз жерден төрөдү

Америкада 43 жаштагы аял кош бойлуу экенин билбей, күтүүсүз жерден жынсы шымына төрөп койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Глинис аттуу 43 жаштагы америкалык аял төрөйм деп эч ойлогон эмес, бирок ал күтүүсүз жерден жынсы шымына төрөп салган. Ал 40 жашында бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонууну токтоткон. 3 жылдан кийин анын кош бойлуулукка шектенүүсүнө эч кандай себеп болгон эмес.

“Мен чарчаган жокмун, белим ооруган эмес, кадимки күнүмдүк иштерим менен алек болдум. Чоңураак кийимдер талап кылынган эмес, шымдын сыдырмасы бекитилген”, – деп билдирген ал.

Бир убакта ал жатын сөөктөрү катуу ооруганын сезген. Ал учурда аял жөн гана жатып уктап калганын, ойгонгондон кийин тура албай койгонун айткан. Бир нече сааттан кийин ал күйөөсүнүн жардамы менен ооруканага барган. Ооруканага барган учурда жатындан суу кеткенин, андан кийин бир нерсе түшүп, оорусу өтүп кеткенин байкаган.

Медайымдар анын жынсы шымын кесип чечип салышканда, ичинен жаңы төрөлгөн кызды көрүшкөн. Ымыркайдын салмагы болжол менен 2 килограмм 700 грамм салмакты түзүп, толугу менен дени сак болгон. Аял кызына Периште деген ысым ыйгарган.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: