• шейшемби, 7 бештин айы 2021
Погода

Комп

Мобилка

Планшет

Өзү гуманитардык жардамга муктаж Түндүк Корея Мьянмага жардам көрсөттү

Дүйнөлүк сенсация! Түндүк Корея Бириккен Улуттар Уюмунун Мьянмага (мурдагы Бирма өлкөсү) гуманитардык жардам көрсөтүү демилгесине 300 миң доллар бергенин The Korea Times жазды.

Негизинен Түндүк корея бөлгөн каражат Мьянмадагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана аскердик төңкөрүштөн кийин жапа чеккендигине байланыштуу азык-түлүк жана гуманитардык жардам долбооруна кайрымдуулук катары пайдаланылат.

Ошол эле учурда Түндүк Кореядагы жагдай дагы кубандыраарлык эмес. Учурда аталган өлкөдө канча адам коронавирус илдетине чалдыккандыгы боюнча маалымат жок. Ошол эле учурда айрым эксперттердин маалыматы боюнча Түндүк Корея өзү ар тараптуу гуманитардык жардамга муктаж. Аталган өлкөнүн ядролук куралдануу программасынын айынан ал ар кандай санкцияларга дуушар болуп, калкынын 90га жакыны жакырчылыкта жашайт деген маалыматтар бар.

Акыркы жолу Түндүк Корея 2005-жылы башка өлкө же эл аралык уюмга гуманитардык жардам көрсөткөн.

Понравилась статья? Поделись с друзьями: